Садыр Жапаров президент болгондон бери Кыргызстан $467 миллионго кредит алынды
RU

Садыр Жапаров президент болгондон бери Кыргызстан $467 миллионго кредит алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2020-жылдын октябрь айынан бери Кыргызстандын бийлиги өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен $758,3 миллионго макулдашууларга кол койду. Алардын ичинен - $291,5 миллиону грант болсо, кредит - $466,8 миллион. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.

"Бул мезгил аралыкта айрым социалдык колдонуучулар жайылтып жаткандай $1 миллиардга эмес, $466,8 миллионго кредиттик макулдашууларга кол коюлду", - дейт ведомство.

Финансы министрлиги баса белгилегендей, Кыргызстан өнүгүп жаткан, бирок кирешеси төмөн өлкөлөрдүн катарына киргендиктен, донорлор тараптан "жеңилдетилген шартта займ берилип жатат".

"Каражаттар негизинен өлкөнүн инфраструктурасын жакышртуу боюнча ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн келип түшөөрүн белгилей кетүү зарыл. Маселен, автомобилдик жолдорду мыктылоо, энергетика тармагындагы реформаларды жүргүзүү, социалдык мекемелерди куруу, COVID-19 пандемиясы менен күрөшүү, таза суу менен камсыздоо, республикадагы ирригациялык системаны жакшыртууга жумшалат", - деп билдирүүдө жазылган.

Финансылык жардам өлкөнүн фискалдык жана акча-кредиттик саясатын бюджеттик колдоо катары берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6447