S-Line кооперативинин пайщиктери митингге чыгышты (видео)
RU

S-Line кооперативинин пайщиктери митингге чыгышты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-апрелде, Бишкек шаардык соттун имаратынын алдында S-Line турак-жай кооперативинин пайщиктери митингге чыгышты. Соттук коллегия адвокаттардын СИЗОго камакка алуу даттануусун карашмак.

Митингчилер кооперативдин директору Бакыт Аалиевди камакта калтыруунун талап кылып "анын орду түрмөдө", "элдин акчасын кайтарып берсин" деп айтышууда.

Андан тышкары, кыргызстандыктар президент Садыр Жапаровго кайрылып, бул ишти жеке көзөмөлүнө алууну суранышууда.

Эске салсак, кооперативдин түштүктөгү башчысы ушул жылдын 16-мартында убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Ал "ишенип берилген мүлктү өзүнө алуу жана коротуу" беренеси боюнча шектелүүдө. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча милицияга 24 киши арыз жазган. Алар турак-жай сатып алуу үчүн акчасын төгүшкөн, бирок азыркы тапта же акчасынан жок, же үйдөн жок калышты. Жабырлануучулардын айтымында, ар бири кооперативге 218 миң сом алдыңкы төлөм катары (первоначальный взнос) берип, ай сайын пайыздарын төлөп турушкан.

Милиция кооперативге 102 киши кошулганын, бирок бардыгы эле убагында үй ала албай калганын аныктаган. Жалпы кесепети 44 миллион сомду түзөт. Бирок 22-мартта, камакка алынган жигит бошотулганы белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6448