Иранда митингге чыккан 30дай мугалим кармалды
RU

Иранда митингге чыккан 30дай мугалим кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ирандын бир нече шаарында мугалимдердин нааразылык акциялары өтүп, алардын 30га жакыны кармалганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

21-апрелде мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү, жумуш шарттарын жакшыртуу жана буга чейин камакка алынган кесиптештерин бошотуу талабы менен борбор калаа Тегеранда жана башка бир катар шаарларда митингдер өттү.

Нааразылыкка чыккандар өкмөт билим берүү тармагында реформалар өтүшү керектигин талап кылышты.

Мындай талаптар айтылган акциялар Иранда соңку бир нече айдан бери уюштурулуп келүүдө.

Маалымат Azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6450