Муфтият: Быйыл ажыга барып келүүгө бир кишиге $4,5 миң кетет
RU

Муфтият: Быйыл ажыга барып келүүгө бир кишиге $4,5 миң кетет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйылкы жылы Кыргызстан ажылыкка барууга 2 766 квота алды. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандарынын диний башкармалыгы маалымдады.

"Быйыл ажылыкка баруунун наркы $4,5 миң болот. Бирок бул болжолдуу сумма, баалар дагы өзгөрүшү мүмкүн", - деп муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

КМДБ белгилегендей, кыргызстандыктар пандемиянын айынан эки жылдан бери ажылыкка барыша элек. Бул мезгил аралыкта жол кире жана башка чыгымдар эки эсе кымбаттаган. Ошондуктан ажылыкка баруунун жалпы суммасы да көтөрүлдү.

2019- 2000-жылдан бери электрондук кезегин күткөн зыяратчылар акчасын 25-апрелден тартып 30-апрелге чейин төгүүгө тийиш.

Андан тышкары, 72 саат мурун ПЦР-тестти тапшырып, COVID-19га каршы вакцинация алууга милдеттүү. Ажылыкка барган учурда зыяратчынын жаш курагы 65тен жогору болбоого тийиш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6453