Руслан Казакбаев кызматынан бошотулуп, ордуна жаңы министр дайындалды
RU

Руслан Казакбаев кызматынан бошотулуп, ордуна жаңы министр дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей өтсөк, Руслан Казакбаев 2020-жылы октябрь айында бул кызматка дайындалган болчу.

Анын ордуна Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Жээнбек Кулубаев дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6454