Байден кайрдан боштукка колун сунуп, көрүнбөгөн бирөө менен учурашты
RU

Байден кайрдан боштукка колун сунуп, көрүнбөгөн бирөө менен учурашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын президенти Жозеф Байден Сиэтлде сүйлөп бүтүп, кайрадан кызыктай абалда калды, тагыраагы, коштошуу үчүн эч ким жок тарапка колун сунуп учурашууга аракет кылган видеосун ЖМКлар жарыялады, деп РИА Новости да жазды.

Байден сунушталган реформа тууралуу сөзүн аяктап, эл менен коштошуп жатып, оң тарабына бурулуп, эч ким жок жакка колун сунган. Артында кол алышып коштошо турган эч ким болгон эмес. Ал артты караган тейде бир саамга токтоп туруп калып, кайра эл тарапка жылмая бурулуп, колун булгалап чыгып кеткен.

Мындай окуя бир нече күн мурда Түндүк Каролинада да болгон. Ал жерде чыгып сүйлөгөн учурдан кийин элге көрүнбөгөн бирөө менен "учурашканы" видеого түшүп калган.

Акыркы учурда Байден сүйлөп жатып туура эмес айтып алган учурлары арбыды. Мисалы, вице-президент Камала Харристи президент деп алса, Россия лидери Владимир Путиндин фамилиясынан, "вакцинация" менен "эскалация" сөздөрүнөн жаңылган. Сирияны Ливия, Иракты Иран менен алмаштырып алганы да бар.

Маалымат Sputnik.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6458