Ош базары vs "Ак Эммир". Эки базардагы бааларды салыштырабыз (видео)
RU

Ош базары vs "Ак Эммир". Эки базардагы бааларды салыштырабыз (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бийликтин кабыл алган чараларына карабастан (Кошумча нарк салыгын нөлгө түшүрүү), Кыргызстанда азык-түлүк дале кымбат бойдон. Ошол эле маалда, товардын баасы эмненин негизинде калыптанат жана эмне үчүн ар кайсы базарда баалар кескин айырмаланат деген суроолор жооп жок.

Kaktus.kg борбор шаарыбыздагы эң кымбат болуп эсептелген "Ак Эммир" базарындагы жана Ош базарындагы бааларды салыштырды.

Сезонго жараша баасы өзгөрүп турган жер жемиштердин баасы былтыркыга караганда кымбатыраак. Мисалы Ош базарында картошканын килограммы 40 сом турат. Ал эми "Ак Эммирде" 65 сомдон жогору.

Сабиздин Ош базарындагы баасы 45тен 50 сомго чейин. "Ак Эммирде" 80 сомдон сатылат.

Бардыңдын баасындагы айырма 40 сом. Маселен Ош базарында - 135 сомдон болсо, Ак Эммирде – 180 сом.

Помидордун бааларындагы айырмачылык андан да чоң. Ак Эммирде помидор 200 сом.

Ош базарында – 135 сомдон жогору

Ак Эммирде быйылкы сарымсактын бир даанасы 35 сом, Ош базарында – 25 сом.

Алманын килограммы Ак Эммирде Ош базардагы алмадан эки эсе кымбат. Ош базары - 70-75 сом. Ак Эммирде – 130 сом

Ош базарында банан – 135 сомго айланса, Ак Эммирде – 160 сомго аласыз.

А бирок, Ак Эммирде сырттан алынып келинген кулпунай арзаныраак экен. Бул жерде килограммы 500 сомдон сатылса, Ош базарынан 550 сомго сатып алсаңыз болот.

Жергиликтүү кулпунай Ак Эммирде 900-1100 сомдон сатылууда.

Ак Эммирдин кардарларынын айтымында, аларга ушул жерден соода кылган ыңгайлуу. Анын үстүно Ак Эммирде шаардын башка жеринен таппай турган азыктар сатылат, же болбосо, сапаты кыйла жогору болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6470