Эмнеге Райым Матраимов камалган жок? Садыр Жапаровдун жообу
RU

Эмнеге Райым Матраимов камалган жок? Садыр Жапаровдун жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коррупциялык кылмышка шектелген чиновниктер баш аягы бюджетке 11 миллиард сом төгүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров айтып маалымдады.

Анын айтымында, УКМК 8 миллиарддан ашык каражат төктүрдү. Прокуратура 3 милларддын тегерегинде төктүрдү.

"Накталай төгүлгөн акчалардын баары түздөн-түз казынага кетип атат. Ал эми мүлктөр болсо мамлекеттик мүлктөр мекемесине өтүп жатат. Каалаган иликтегичтер чогулуп барып УКМК, Прокуратура, ИИМге барып кайда которулуп жатканын иликтеп көрсөңөр болот. Жашыруун эмес. Беришет. Бербей жатса, мага кайрылгыла", - деди президент.

Матраимовду каматам деп айтпадыңыз беле, бирок ал камалган жок да? - деген суроого президент: "Камабадыкпы. Камап, 2 миллард 150 миллион сом акча төктүрдүк. "Элдорадо" деген соода түйүнүн алдык. Элиталуу 10 квартирасын алып, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу элге таратып бердик. Кошуна мамлекеттердин баарына жана Дубайга дагы суроо каттарын жөнөттүк. "Силерде болгон кылмыштары же мүлктөрү болсо, тизмесин бергиле" деп. Бардык мамлекеттен "андай жок" деген жооптор келди.

Болсо дагы 2017-жылы ызы-чуу башталганда, сатып жиберген экен деген маалыматтарды алдык. Колунда болгон оокатынын баарын, эки миллиарддан ашык акчасын алгандан кийин чыгарып койдук.

Аны түрмөдө элдин эсебинен багып жатып эмне кылабыз? Бир эле Раим эмес, канчалаган чиновниктер мүлктөрүн, акчаларын кайтарып берип, анан чыгып кетишти", - деп жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6472