Депутат: Бизди экономикалык блокадага салып жаткан Казакстанга суу бербей коелу
RU

Депутат: Бизди экономикалык блокадага салып жаткан Казакстанга суу бербей коелу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Айбек Алтынбеков Казакстанга суу бербей коюну сунуштады, себеби алар бизди экономикалык блокадага салып жатышат. Мындай пикирин депутат Жогорку Кеңештин бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Анын айтымында, товарларды жык-жыйма толтуруп алган фуралар кыргыз-казак чек арасында бир нече күндөп кезек күтүп турушат.

"Эмнеге биздин айдоочуларды ушунча кыйнашат, эмнеге Тажикстан менен Өзбекстандын фуралары өтө берет? Казакстандын Кытайдан келген товарлар Казакстан аркылуу кирсин деген чечими бар туурабы?" - деп депутат сурады.

Бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков анын суроосуна оң жооп берип, өткөн жумада эле кезек күткөн фуралардын узундугу 8 кмге жеткенин белгиледи. Вице-премьерлер деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп, азыр чек арада эч кандай көйгөй жок, биро Казакстандын өзүндө, "Барыста" кыйынчылыктар жаралууда.

"Экономикалык блокада бар. Бул өз кезегинде кезекти чоңойтуп кыйынчылыктарды жаратууда", - деди ал.

Экономикалык блокаданы коңшу өлкөнүн чыккынчылыгы катары эле кабыл алыш керек, дейт депутат.

"Менин мындай сунушум бар: бул жерде министрлер кабинетинин өкүлдөрү отурат. Биз сууну жаап салалы", - деди ал.

Депутаттын айтымында, Кыргызстан Өзбекстан менен мамилеси абдан жакшы, коңшулардын мамилеси ушундай эле болуш керек.

"Убагы келгенде, ачык эле сууну жаап, Казакстанга бербей коюш керек", - дейт депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6479