Ысык-Көлдө кызыл китепке кирген илбирс жана аюуну аткандар кармалды
RU

Ысык-Көлдө кызыл китепке кирген илбирс жана аюуну аткандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Теплоключенко айылында 48 жаштагы тургундун үйүнөн узундугу эки метрге жакын илбирстин териси баш сөөгү менен табылган. Шектүү күнөөсүн мойнуна алып, кызыл китепке кирген жаныбарды Сырт өрөөнүнөн атып келгендигин айткан.

Ал эми Сары-Жаз сырт өрөөнүнүн 47 жаштагы тургунунун үйүнөн эки күрөң аюулардын терилери табылган.

Учурда, кылмыш ишинин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.

Соңку маалыматтар боюнча Кыргызстанда 300дүн тегерегинде ак илбирс бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6486