Жаратылыш ресурстары министринин орун басары депутаттарга жаккан жок
RU

Жаратылыш ресурстары министринин орун басары депутаттарга жаккан жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аркадий Рогальский Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болуп дайындалган. Бул тууралуу кечээ, отун-энергетикалык комплекс коимтетинин жыйынында белгилүү болду.

Андан тышкары, ал геология жана жер казынасын пайдалануу департаментин да жетектегени аныкталды.

Депутаттар "Жер кени тууралуу" Мыйзамды талкуулап жатышкан. Шаирбек Ташиев суроо берип жатып, министрдин жаңы орун басары Рогальскийге кайрылып, бул мыйзам боюнча пикирин сурады.

Рогальский орусча жооп берип баштаган. Бирок депутат анын сөзүн бөлүп, кыргыз тилин билесизби деп сурады. Рогальской жок деп жооп берген.

"Биздин мамлекетте эң эле кымбат нерсе кен байлагыбызды кыргызча түшүнбөгөн адамга башкартып жатабыз. Ал болсо бул жерде телефондо ойноп отурат, анткени эч нерсе түшүнбөйт. Бизди кандай түшүнөсүз билбейм. Биз бир тоголок ташыбызды да бербешибиз керек эч кимге. А сиз эч нерсе түшүнбөй отурасыз. Мейли суроого жооп бербей эле койсоңуз болот", - деди Ташиев.

Андан кийин депутат Алишер Козуев да Рогальский туурасында кеп кылып, отурум башталгандан бери анын тармагына тиешелүү маанилүү эки суроо талкууланды, бирок министрдин орун басары телефонду карап отурду, деди.

"Ага барыбир анткени түшүнгөн жок. Бул жактагы талаптарды айтып коюш керек. Кызыксыз болсо чыгып кетсин", - деп депутат сунуштады.

Андан тышкары, Рогальский мамлекеттик кызматта эч качан иштебегенин белгилеп, ээлеген кызматына канчалык татыктуулугун карап чыгууну сунуштады.

Комитет башчысы Мирлан Самыйкожо Жаратылыш министри Динара Кутмановадан түшүнүк катты талап кыла турганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6489