Алмамбет Шыкмаматов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигин жетектейт
RU

Алмамбет Шыкмаматов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигин жетектейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алмамбет Шыкмаматов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору болуп дайындалды.

Kaktus.media'га белгилүү болгондой тиешелүу буйрукка, бүгүн, 11-февралда, премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Шыкмаматов буга чейин "Ата-Мекен" парламенттик фракциясынын лидери болуп келген. Партиянын лидери Өмүрбек Текебаев экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктерден улам, депутаттык мандатын тапшырып салган. 2020-жылдын Октябрь айында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого, "Бир Бол" партиясынын катарында катышкан. 2021-жылдын 10-январында өто турган президенттик шайлоодо, Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы президенттик штабын жетектеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/648