Президент көлдөгү пансионат жана конок үйлөргө тыюу салуучу жарлыкка кол койду
RU

Президент көлдөгү пансионат жана конок үйлөргө тыюу салуучу жарлыкка кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Мындай билдирүүнү президенттин администрациясынын маалымат бөлүмү таратты.

Көлдүн курорттук аймагында жагымсыз экологиялык кырдаал түзүлүп, тер көрүнүштөр кайтарылгыс экологиялык жана экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүн.

Ысык-Көлдү булгаган негизги факторлор көлгө куюучу дарыялардын жээгинде жайгашкан шаарлар жана калктуу конуштар болуп саналат. Тургундар, уюмдар, ишканалар саркынды сууларды жана калдыктарды дарыяларга, ошондой эле айрым жерлерде түздөн-түз көлгө агызууда, анткени тазалоочу курулмалар же таптакыр жок, эгер бар болсо, тазалоо сапаты белгиленген талаптарга жооп бербейт. Натыйжада көлгө органикалык жана химиялык кошулмаларды камтыган кооптуу булганган саркынды суулардын олуттуу көлөмү кошулуп жатат.

2023-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • менчигинин түрүнө жана карабастан инженердик коммуникациялар жана курулмалар (суу алуучу, суу түтүгү, канализация тармагы, канализациялык насостук станция жана тазалоочу курулмалар) менен камсыз болбогон санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, жана башка объекттеринин иштөөсүнө;
  • кезектеги курорттук сезонго суу түтүгү, канализация системалары жана тазалоочу курулмалар менен камсыздалбаган санаторийлерге, пансионаттарга, эс алуу үйлөрүнө, жана башка объекттерине иштөөгө даярдыгы жөнүндө паспорт берүүгө.

Жарлыктын толугу менен бул жактан окусаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6493