Улукбек Марипов эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна даярдык көрүүнү буюрду
RU

Улукбек Марипов эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна даярдык көрүүнү буюрду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Премьер-министр Улукбек Марипов COVID-19 боюнча абал жана калкты вакцинациялоо тууралуу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат аппараты билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө жалпы билим берүү мектептеринин жана бала бакчалардын ишин ырааттуу жандандыруу, калкты ыктыярдуу түрдө COVID-19дан массалык вакцинациялоого даярдык көрүү маселеси талкууланды.

Белгиленгендей, COVAX программасынын алкагында вакциналардын биринчи партиясы республикага үстүбүздөгү жылдын март айында алынып келинет, ал эми экинчи бөлүгү экинчи кварталда жеткирилмекчи.

Мындан тышкары, Россия Федерациясында жана Кытай Эл Республикасында чыгарылган вакциналарды пайдалануу маселеси иштелип чыгууда.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов калкты, биринчи кезекте, билим берүү жана медицина тармагынын кызматкерлерин ыктыярдуу вакцинациялоо боюнча ишти ыкчам жана сапаттуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Коңшу өлкөлөрдө вирустун жаңы штаммдарын жуктуруп алуу боюнча катталган окуялар бизди кооптондурууда. Өлкөнүн бардык медициналык мекемелери оорунун саны көбөйүү ыктымалдыгына толугу менен даяр болушу керек. Өзгөчө ооруканаларда суюк кычкылтекти берүү тутуму орнотулушу маанилүү. Эпидемиологиялык абалдын начарлашынын ыктымалдыгын эске алуу менен дары-дармектердин жана жеке коргонуу каражаттарынын запасынын көлөмү үзгүлтүксүз көзөмөлдө болушу тийиш. Ошондой эле зарыл дары-дармектердин корун жогорулатуу керек", - деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр саламаттык сакктоо тутумун санариптештирүү боюнча ишти активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Экономика жана финансы министрлигине жана Тышкы иштер министрлигине бир катар тапшырмалар берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/649