Султанбай Айжигитов: Биз өлкөнү сатыка даярдап жатабызбы?
RU

Султанбай Айжигитов: Биз өлкөнү сатыка даярдап жатабызбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Султанбай Айжигитов Кыргызстандын жарандары өлкөсүз калабы деп кооптонуп жатканын билдирди.

27-апрелде өткөн Жогорку Кеңештеги жыйында кесиптештерине кайрылып жөнөкөй анализ жүргүзүүнү сунуштады.

Жайыттар менчиткештирилет экен. Биздин алтындын 30%на эле акыбыз бар - бул экинчиси. Жашыл климатикалык фонд 29,9 миллион доллар грант берип жатат. Биздин эмнебизге мынча чоң акча берип жатышат? Акылбек Жапаров инвесторлорду коргоо боюнча сертификат алды. Ал жакта 150 миллион доллар берилет. Эмнебизге мынча акча берилип жатат, жигиттер? Биз өлкөнү сатыкка даярдап жатабызбы? Ойлонуп көргүлөчү, бул күмөн жарата турган тенденция болуп жатпайбы. Бул башталышы гана. Өлкөбүздү сатып салганыбызды өзүбүз да билбей калабыз", - деп Айжигитов депутаттарга кайрылды.

Парламент жашыл фонд тарабынан атмосфераны терс кесепеттерден коргоого 30 миллион доллардын сунушталышы боюнча макулдашуунун ратификациясын карап жаткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6501