"Кудайберген" базарында, чак түштө элдин көзүнчө кишини бычактап кетишкен. Видео
RU

"Кудайберген" базарында, чак түштө элдин көзүнчө кишини бычактап кетишкен. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.kg редакциясына бишкектик Анна Богданова кайрылды. Ал анын 32 жаштагы бир тууганы Артур Богдановду өлтүргөндөр жоопкерчиликтен кутулуп кетишет деп кооптонууда.

"Конфликт каргашалуу окуяга чейин, бир нече ай мурун башталган. Иним шектелүүчүлөрдүн бирин свингер деп атап койгон экен", - дейт Богданова.

Анын айтымында, Артур "Кудайберген" базарынын жанындагы СТОлордун биринде иштечү. Жети жаштагы уулу бар, келинчегинин 7 айлык боюнда бар болчу.

"Өлтүрүлгөнгө чейин иним Антон (аты өзгөртүлдү) менен уруша кетип, аны свингер деп атаган. Антон бир диний агымдан болчу. Эгер анын жамааты бул тууралуу билсе, аягы жакшы бүтмөк эмес. Коомчулуктан чыгарып да салышмак", - дейт Богданова.

2021-жылдын 3-апрелинде Антон достору менен Артурдун жумушуна келип, элдин көзүнчө сабап, бычактап салышкан. Кийин Казакстанда качып жүрүштү.

Артурдун үй бүлөсү аны жерге берүү иш чаралары менен алек болуп жүргөн. Тергөө орагндары Артурга кол салган эки кишини кармап, аларды күбө катары суракка алышкан. Ал эми Антон жарым жылдан кийин гана Казакстандан табылып, Бишкекке экстрадицияланган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Антондун туугандары аны жоопкерчиликтен алып калууга аракет кылып, кошумча экспертизанын дайындалуусун талап кылышкан. Алар Антондун акыл эси жайында эмес деген корутундуну чыгартууну көздөшкөн. Бирок тергөөчү каршы чыкгып, иш акыры сотко жөнөтүлгөн.

"Биз тиешелүу органдарга кайрылып, ишти жеке көзөмөлгө алууну суранабыз. Күнөөлүү адам жазасын алышы керек", - деп Богданова сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6507