Базарга барган Эммануэль Макронду эл помидор менен чапкылаган. Видео
RU

Базарга барган Эммануэль Макронду эл помидор менен чапкылаган. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Париж шаарынан алыс эмес аймакта жайгашкан Сержи муниципалитетине барган Эммануэль Макронго жергиликтүү тургундар черри помидорун ыргытышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Франциянын өлкө башчысы базарга барган. Видеодо көрүнгөндөй, Эммануэль Макрон сүйлөп жатканда жергиликтүү тургундар ага помидор ыргыта башташкан жана коопсуздук кызматкерлери президентти кол чатыр менен калкалап, элдин арасынан алып кетүүгө аракет кылышкан.

Кызыгы, көк баштыкка салынган помидорлор ыргытылгандан кийин эл чуру-чуу түшүп, арасынан эки ирет орусча "мужики, мужики" деп кыйкырып жаткан эркек кишинин үнүн даана угууга болот.

Дагы бир роликте көрүнүп тургандай, Макронду калкалап кол чатыр ачылгандан кийин, столдун үстүнө чыгып алган жигит президент тарапка секиргенге аракет кылган.

Жергиликтүу телеканал белгилегендей, бул Франциянын президенти Эммануэль Макрондун президенттик шайлоодон кийинки алгачкы ирет эл алдына чыгышы болчу.

Белгилей кетсек, 24-апрель күнү Эммануэль Макрон президенттик шайлоодо 58,2 пайыз добуш менен жеңип чыккан. Муну менен ал 20 жылдан бери алгачкы жолу экинчи мөөнөткө шайланган президент болуп калды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6510