Кантта суу май өндүрүлө баштады. Kaktus.media заводго барып келди. Видео
RU

Кантта суу май өндүрүлө баштады. Kaktus.media заводго барып келди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кант шаарында "Мол" жана "Семянка" деп аталган атамекендик суу майы өндүрүлө баштады.

Кант шаарында сырье сактала турган кампалар бар. Өндүрүштүн цикли так ушул жерден башталат.

Андан кийин суу май цехке жөнөтүлүп фильтрация, дезодорация жана тоңдуруу процесстери жүргүзүлөт. Ошондон кийин гана куюштуруу лентасына өткөрүлөт.

Бир айда 300 тоннага чейин суу майын өндүрүү пландалууда. Күнүнө 10 тоннага чейин сырье иштелип чыгат.

Өзгөчо технологиялар жана техникалык мүмкүнчүлүктөр мыкты сапаттагы суу майды өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Анын сапаты элге таанымал бренддерден кем калышпайт.

Беш литр майдын баасы 630 сом. Азырынча компаняи ушундай көлөмдө гана чыгарып жатат. Бирок келечекте бир литрлик көлөмдө да чыгаруу пландалууда.

Сырье азырынча сырттан алынып келинет

Аткаруучу директор Дмитрий Джандын айтымында, Россиядан алынып келинген семичке колдонулууда. Жакынкы арада ата-мекендик фермерлер менен кызматташып, күн карама тигүүгө үндөшөт.

"Агергатор катары фермерлерди иш менен камсыздоого даярбыз. Бааларын бир жылга сүйлөшүп алабыз", дейт ал.

Айыо чарба министри Аскарбек Жаныбеков баса белгилегендей, мындай бардыгы пайда гана табышат. Өндүрүшчүлөр дыйкандардан сырье алса, дыйкандар аны кайда сатам деп ойлонбойт, ал эми керектөөчүлөр арзан баада бирок мыкты сапаттагы товарга ээ болушат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6512