Өзүңүздөн бул 5 белгини байкасаңыз, урологго тезирээк барыңыз
RU

Өзүңүздөн бул 5 белгини байкасаңыз, урологго тезирээк барыңыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Урологдор - бул эркектерди да, аялдарды да дарылаган жогорку билимдүү адистер. Бирок, ага качан көрүш керектигин баары эле биле бербейт. Ооруну алдын алуу үчүн биз урологго кайрылууга беш жүйөлүү себепти атап берели.

Табарсыкты башкарууда көйгөйлөр болсо

Заараны кармай албай калуу урологго кайрылуунун негизги себептеринин бири. Бул көрүнүш ар кимде ар кандай болушу мүмкүн. Кээ бирөөлөрдө бир аз агып кетсе, башкаларда табарсыгын башкара албай, дааратканага жетише албай калышат. Бул көрүнүш тааныш болсо дароо урологго чуркаңыз.

Заараңыз кан аралашып чыкса

Заараңыз же спермаңыз кан аралашып чыкса, урологго кайрылууңуз керек экендигинин белгиси. Бул заара чыгаруу жолдорунун инфекциясы же простата же бөйрөк рагы сыяктуу нерсенин симптому болушу мүмкүн. Ошондуктан дароо текшерилип чыгуу маанилүү.

Тез-тез заара кылсаңыз

Дааратканага адаттагыдан көбүрөөк барасызбы? Табарсыгыңыз толбосо да тез арада барышыңыз керек деп ойлойсузбу? Түн ортосунда ойгоносуңбу? Мунун баары урологго кайрылууга негиз болуп саналат.

Жыныстык каалооңуз төмөндөсө

Эгерде сизде сексуалдык каалоо жок болсо,же төмөндөп кетсе уролог жардам берет. Либидо жана депрессиянын жоголушу тестостерондун деңгээлинин төмөндөшүнүн белгилери болушу мүмкүн. Бул өз кезегинде эректилдик дисфункция, чарчоо жана уйкунун бузулушуна алып келиши мүмкүн.

Ичиңиздин ылдый жагы же пахыңыз ооруса

Пахтын, ичтин ылдый жагынын же арканын капталындагы оору бөйрөктөгү таштын белгиси болушу мүмкүн. Эгер сизде ушундай оору болсо, урологго жазылыңыз.

Маалымат Bilesinbi.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6513