Америкалык тиш доктур акча табуу максатында бейтаптардын тиштерин сындырчу
RU

Америкалык тиш доктур акча табуу максатында бейтаптардын тиштерин сындырчу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

61 жаштагы америкалык стоматолог Скотт Чаромоли бейтаптарынын тиштерин атайылап өгөлөп же сындырчу. Андан кийин коронка кийгизүү керектигин айтып, көбүрөөк акча өндүргөнү белгилүу болгон.

Жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык, Чаромоли башка стоматологдорго салыштырмалуу беш эсе көбүрөөк коронка салчу экен. Орто эсеп менен алганда 100 бейтаптын 32сине.

Үч жылда коронка сала берип 4,2 миллион доллар акча жасаган. Дарыгердин кылыгы далилденип, күнөөлү деп табылды. Скотт Чаромоли эркиндигинен ажыратылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6518