Ташиевдин кичүү уулу лейкоздон жабыркаган Ратмирге жардам берди
RU

Ташиевдин кичүү уулу лейкоздон жабыркаган Ратмирге жардам берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 29-апрелде, Камчыбек Ташиевдин уулу Эмирхан Кыдыршаев 17 жашка чыгып, туулган күнүн белгиледи. Бул күнү өспүрүм бала кайрымдуулук кылып, лейкоз оорусунан жабыркаган Ратмир Карпунинге 233 евро (учурдагы курска ылайык 20 миң сом) которгонун билдирди.

Эмирхан Instagram баракчасындагы сторисине видео жарыялап, катталуучуларын Ратмирге жардам берүүгө үндөгөн. Өзү жогорудагы сумманы тастыктоочу документтин сүрөтүн жарыялады.

"Бүгүн менин туулган күнүм, ушул ыйык Орозо айында кичинекей Ратмирге жардам бергим келди. Жараткан ага ден соолук берип, тезирээк сакайып кетсин", - деп жазган.

Белгилей кетсек, Ратмир Карпунин курч лимфобластный лейкоздон жабыркайт. Дарылоонун кийинки этабына $30 500 керектелет.

Эске салсак, 2019-жылдын февраль айында Кыдыршаев Паоло Росси деп аталган италиялык футбол академиясына өткөн. Ал атактуу футболчунун академиясында окуган алгачкы кыргыз футболчусу. Ушул жылдын январь айында ал "Леванте" испан клубунун академиясына өтүп, ошол жакта окуп, жашай турганы белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6528