Көңүл бургула! Эртең Бишкектин айрым жолдору жабык болот
RU

Көңүл бургула! Эртең Бишкектин айрым жолдору жабык болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эртең, 2-майда, Борбордук аянтта айт намаз өткөрүлгөнүнө байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү жабык болот. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы (МККБ) билдирди.

Эртең мененки саат 04:00дон баштап, 08:00го чейин Чүй проспектиси, Фрунзе, Логвиненко жана Тыныстанов көчөлөрү жабык болот.

МККБ жарандарга кайрылып, жогоруда айтылган көчөлөргө унааларды токтотпоону суранды. Себеби таңкы 04:00дон баштап бул аймакты унаалардан бошотуу иштери жүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6535