Быйыл акыркы коңгуроо июнь айында өтөт
RU

Быйыл акыркы коңгуроо июнь айында өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү министрлиги билдиргендей, быйыл акыркы коңгуроо салтанаты 9-июнда өтөт. Себеби 2021/2022 окуу жылы 15-сентябрда башталган болчу.

Жалпы республикалык тестирлөө 24-майдан тартып 25-июнга чейин өтсө, Мектептердеги мамлекеттик экзамендер 10-июндан баштап, 30-июнга чейин жүрөт.

Аттестаттар жана окууну бүткөндүгү тууралуу күбөлүктөр 6-8 июлда тапшырылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6558