Райымбек Матраимов сотто өз күнөөсүн мойнуна алды
RU

Райымбек Матраимов сотто өз күнөөсүн мойнуна алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-февралда Бишкектеги Биринчи май райондук сотто бажы кызматынын мурдагы башчысынын орун басары Райымбек Матраимовдун кылмыш иши каралууда.

Айта кетсек, айыпталуучу сотко адвокаты менен келген. Соттун жүрүшүндө фото жана видео жасоого тыюу салынган.

Ишти Гүлзат Дыйканбаева алып барууда. Мындан мурун, ал Матраимов фамилиясын Ысмайылов деп өзгөрткөнүн айткан.

Процесс учурунда сот соттолуучу өзүн айптуу деп эсептейби деген суроосуна Матраимовдон оң жооп алды.

Ошондой эле Матраимов өз каалоосу менен тергөө менен макулдаштыкка барганын белгиледи.

Сот соттук териштирүүсүз тараптардын жарыш сөзүнө өттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/655