Йод жетишсиздигинин белгилери кандай? Дарыгер айтып берет
RU

Йод жетишсиздигинин белгилери кандай? Дарыгер айтып берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Организмде йоддун узакка созулган жетишсиздиги калкан безинде гана эмес, башка органдарда да көйгөйлөрдү пайда кылышы мүмкүн. Бул тууралуу врач-педиатр Валерия Жалагония билдиргенин Gazeta.ru порталы жазды.

Анын айтымында, бул заттын жетишсиздигинин жалпы белгилери - бул тез-тез суук тийүү, чарчоо жана менструациянын бузулушу.

Тобокел тобуна кош бойлуу жана бала эмизген аялдар, үч жашка чейинки балдар менен өспүрүмдөр кирет. Йод жетишпестиги узакка созулуп кетсе калкан бездеринин иши гана бузулбастан, адамдын иммундук системасына дагы доо кетет.

Йод жетишсиздигинин белгилери:

  • айыз циклинин бузулушу;
  • шалдыроо;
  • тез-тез суук тийүү;
  • анемия;
  • теринин кургашы;
  • шишик басуу;
  • чачтын түшүүсү;
  • эч себепсиз салмак кошуу.

Йоддун жетишпестиги лабораторияда гана аныкталат. Бул үчүн зааранын анализин тапшыруу керек. Дарыгер йод кошулмаларын өз алдынча алууну сунуштабайт.

Маалымат Sputnik.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6576