Күйөөм кызымдын күбөлүгүндө "атасы" деп жазылган эмес. Алимент өндүрө аламбы?
RU

Күйөөм кызымдын күбөлүгүндө "атасы" деп жазылган эмес. Алимент өндүрө аламбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламатсыбы! Күйөөм экөөбүз ажыраштык, ЗАГС жок. Бир балабыз бар. Кызымдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн өз атымда. Атасы деген жери бош калган. Кантип алиментке тапшыра алам? Кандай документер керек? Ал алимент төлөйбү?

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Алимент өндүрүүдө кызыңыздын атасы анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө көрсөтүлгөн эмес болсо, өзүңүз жашаган аймактагы сотко доо арыз менен кайрылыңыз. Доо арызда аталыгын аныктоо жана алимент өндүрүү боюнча деп көрсөтүп, качан башконсуңар, канча ай жашадыңар жана ортодогу никеден бир перзенттүү болгонуңарды жазасыз. Кызыңыз ал кишиден экендиги боюнча кошуналарыңыздын же тааныштарыңыздын түшүндүрмөлөрүн тиркеп койсоңуз болот, бир үч адамдыкы жетиштүү. Ал адам менен түшкөн чогуу сүрөттөр дагы далил катары өтөт.

Сотко 1000 сомдун тегерегиндеги мамлекеттик алым төлөнөт, андан сырткары баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, паспортуңуз, күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрү жана паспортторунун көчүрмөлөрү тиркелет. Арызды кантип жазууну билбейм десеңиз, жашаган аймагыңыздагы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу кепилденген мамлекеттик юридикалык жардамга кайрылсаңыз, алар акысыз адвокат жалдап берет.

Маалымат Bilesinbi.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6577