Россия 16-майдан тартып кыргыз жарандарына коюлган чектөөнү жоет
RU

Россия 16-майдан тартып кыргыз жарандарына коюлган чектөөнү жоет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын 16-майынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Россия Федерациясына кирүүгө, ошондой эле Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасына кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынып салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Тиешелүү чечимди эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен Россия Федерациясынын Өкмөтү кабыл алды.

Белгилей кетсек, бул маселе 2022-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-отурумунда талкууланган.

Өкмөттөр аралык комиссиянын ишине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6578