14-февраль күнүндө Кыргызстан боюнча 30 түгөй мамилесин каттайт
RU

14-февраль күнүндө Кыргызстан боюнча 30 түгөй мамилесин каттайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үйлөнүү үлпөт - бул түгөйлөр үчүн маанилүү окуя. Акыркы жылдары нике күнүн тандоо тенденциясы байкалууда. Сүйүү күнүндө, 14-февралда, Бишкек шаарында 22 түгөй мамилелерин катташат. Салтанаттар баш калаадагы үйлөнүү үлпөт өргөсүндө болот.

Быйыл сүйүү майрамы жекшемби дем алыш күнүнө туш келди. ЖААК кызматы иштебейт. Демек, бардык негизги жүк Бакыт өргөсүнө жүктөлөт.

Ошол эле күнү Ош шаарында 8 түгөй расмий түрдө никеге турушат.

Сүйүү күнү никеге туруунун эң популярдуу даталарынын катарына кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/657