Кыргыз-өзбек чек арасында ок атуу болуп, үч кыргызстандык каза болду
RU

Кыргыз-өзбек чек арасында ок атуу болуп, үч кыргызстандык каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 5-майда Жалал-Абад облусунун Дөбө-Коргон аймагындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын үч жаранына курал колдонушкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган А.Ж. жарадары Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилип, эсине келбей, октон алган жараатынан каза болушкан.

Кыргызстандын чек ара өкүлү дароо Өзбекстандын чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар кызматтык иликтөө жүргүзүп, бүгүн, 6-майда жолугушууну макулдашты.

Окуя боюнча тиешелүү органдарга да маалымат берилип, тергөө амалдары башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6582