Бишкекте шаурмадан массалык уулануу болду
RU

Бишкекте шаурмадан массалык уулануу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте тамак-аштан массалык уулануу болду. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Уулануу 5-майда болуп, 11 адам жабыркаган. Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын маалыматы боюнча, массалык тамак-аштан ууланууга Чүй проспектиси 110 дарегиндеги "Эл эмне жейт" тез тамактануучу жайдагы шаурма себеп болгон.

Объектти пландан тышкаркы текшерүү, жеринде профилактикалык мүнөздөгү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп, 13 000 сом айып пул салуу чечими чыгарылды. Мыйзам бузууларды четтетүү боюнча санитардык корутунду чыгарылган.

Тамактан уулануунун себептери такталып, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкмайынча бул коомдук тамактануу жайы убактылуу жабылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6588