Садыр Жапаровдун Дөөлөтбек Сыдыков тууралуу айткан эки башка сөзү
RU

Садыр Жапаровдун Дөөлөтбек Сыдыков тууралуу айткан эки башка сөзү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бийлик менен манасчы Дөөлөт Сыдыковдун тиреши уланууда.

Кечээ президент Садыр Жапаров маегинде Дөөлөт Сыдыковду катуу сынга алды.

Бирок, буга чейин президенттин манасчы тууралуу пикирлери такыр башкача болгонун байкоого болот.

Мисалы 2020-жылдын ноябрь айында Садыр Жапаров убактылуу бийлик башында, кийин премьер-министр кызматын ээлеп турган кезде айткандарын салыштырдык.

Жапаров Сыдыков тууралуу ошол кезде айткан сөзү:

"Манас" эпосу кыргыз элинин руханий жана маданий мурасынын эң жаркын элеси болуп саналат. Кыйын күндөрдө баатырдын образы манасчынын чыгармачылыгы аркылуу элге күч-кубат берет. Азыр ар кимдин өлкөнү өнүктүрүү боюнча өзүнүн позициясы, көз карашы, өзүнүн дүйнө таанымы бар, бирок "Манас" маселесине келгенде баарыбыз биригебиз. Сиз жаңы рекорд коюп, элди ынтымакка чакырдыңыз".

Ал эми президенттин кечээки маегиндеги манасчы тууралуу айтканы:

"Катуу айтсам кечирип коюңуз, бирок мен аны манасчы деп ойлоп келсем, ал жөнөкөй пиарчы болуп чыкты.

Ал келүүдөн баш тартты. Бирок анын баш тартканына карабай ишибизди уланта бердик. Менменсинген адамга мамлекет карайбы?

14 саат "Манасты" окуганын уктум. Эпосту кандай окуганына көңүл буруңуз, аягына чейин угуңуз. "Манас" мындай окулбайт. Ошол эле сөздөрдү кайталап, 14 саат эмес, 14 күн айтууга мүмкун. Саякбай Каралаевдин "Манасты" окуганын корректордук жазуу менен угуңуз. Ал бир дагы сөздү кайталабайт. Анан өзүңөр баа бересинер", - деди Садыр Жапаров акыркы маегинде.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6597