Афганистандын аймагынан Тажикстанга ракета атылганы кабарланды
RU

Афганистандын аймагынан Тажикстанга ракета атылганы кабарланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

7-майда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Ооганстандын аймагынан Тажикстанга ракета чабуулу болгонун айрым ооган басылмалары кабарлады. Бул маалымат тажик жана "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) бийлиги тарабынан расмий тактала элек.

Ооганстандагы Islamic Press (AIP) маалымат агенттиги "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун 7-майда чыккан басма сөз билдирүүсүнө таянып, Ооганстандын Тахор провинциясындагы Хожа-Гар районунан чабуулдар болгонун жазып чыкты.

Хожа-Гар району Тажикстандын Хатлон облусунун Пянж жана Фархор райондору менен чектешет. "Азаттыктын" тажик кызматынын бул райондун милициясындагы жеке булактары бул айтылгандарды тастыктаган жок. Ооганстандын социалдык тармактарында чабуулга байланышы бар делген сүрөттөр жарыяланууда. Бирок алардын чын-бышыгын аныктоо мүмкүн болбой жатат.

Мындан мурда да Ооганстандан түркмөн чек арачыларына кол салуу болуп, апрель айында Өзбекстандын Термез облусу аткыланганы айтылган. Анда да "Ислам мамлекети" тобу жоопкерчилик алган. Бирок, "Талибан" жана өзбек расмийлери маалыматты четке каккан эле.

Талибдер Ооганстандагы бийликти 2021-жылы август айында басып алган. Ушундан улам Ооганстанга чектеш Борбор Азия өлкөлөрү чек арасын бекемдөөгө өткөн. 

Булак: Азаттык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6600