Адамдын мээсине чип орнотула баштады
RU

Адамдын мээсине чип орнотула баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШдагы Synchron компаниясы дүйнөдөгү биринчи коммерциялык мээ-компьютер интерфейсинин же Brain-Computer Interface (BCI) клиникалык сыноолорун баштады. Сыноолор ийгиликтүү аяктаса, чиптер баарына сатылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, Brain-Computer Interface системасы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын тышкы дүйнө менен байланышын бир топ жеңилдетет. Түздөн-түз баш сөөгүнө имплантацияланган Neuralink чиптеринен айырмаланып, Brain-Computer Interface имплантациясында электроддор кан тамырлар аркылуу мээге жеткирилет.

Имплантациялангандан кийин система адамдын мээсинин активдүүлүгүн электрдик сигналдарга айландырат. Ошону менен онлайн сатып алууларды, электрондук почтаны, тексттик билдирүүлөрдү жана башка салыштырмалуу жөнөкөй тапшырмаларды аткарууга мүмкүндүк берет.

Буллак: Hellonews

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6601