Владимир Зеленськийдин күрмөсү 90 миң фунт стерлингге сатылды
RU

Владимир Зеленськийдин күрмөсү 90 миң фунт стерлингге сатылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын президенти Володимир Зеленськийдин жүндөн жасалган күрмөсү Лондондогу аукциондо 90 миң фунт стерлингге сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аукциондон түшкөн каражат Украинага жардамга которулат.

Аукциондун алдында Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон күрмөнүн баасы 50 миң фунт стрелингден жогору баага сатылышы керектигин айткан. Ал эми Зеленський өз кезегинде видео кайрылуу жасап, өкмөт башчыга Украинага көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

Мындан тышкары, аукционго Борис Жонсон Киевге барганда алган короз сувенир да коюлган.

Булак: Супер.кж

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6602