Кызгалдак талаасында эки аял мушташа кетти
RU

Кызгалдак талаасында эки аял мушташа кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин четиндеги кызгалдак талаалардын биринде эки аял жана талаанын ээси мушташа кетти. Мушташтын видеосу интернетке жайылып кеткен.

Божомолдоолор боюнча, окуя Аламдн районундагы Таш-Мойнок айылынын жанында болгон. Айдоо жердин ээлери бедени тебелебегиле, деп элден суранып келишет. Бирок көпчүлүк сүрөткө түшүүгө кызыгып, андай суранычтарга көңүл бурбай эле.

Кадр артында айтылып жаткан сөздөрдөн улам, ары бери өткөн эл айдоо жерди тебелеп-тепсеп салышканын, ага кеминде 200 миң сом сарпталганын түшүнүүгө болот. "Бул менчик жер, уялсаңар боло, чык дегенден кийин чыккыла!" деген буйруктарды угууга болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6603