Ресторанга кирип келген үч киши чет элдик студенттерди сабашкан. Видео
RU

Ресторанга кирип келген үч киши чет элдик студенттерди сабашкан. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте белгисиз эркек кишилер индиялык ресторанга кирип барып, чет элдик студенттерди сабап салышкан. Алардын кол салган учуру камераларга түшүп калды.

Чет элдик студенттер Kaktus.kg редакциясына кайрылып, окуя Salaam namaste ресторанында, 7-май күнү, болжол менен саат 23:00до болгонун айтып беришти. Ресторандын коноктору кире бериште турган учурда үч эркек киши аларга тийише баштаган. Кайым айтышуудан кийин жергиликтүү жарандардын бири чет элдик стундентти уруп, адан качкан студенттин артынан ресторанга кирип келген. Артынан экөө кошо кирип, бардыгын туш келди сабашкан.

Студенттер бийликке кайрылып, бул окуяга көңүл бурууну суранышат. Алардын айтымында мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок.

Ленин районунун Ички иштер бөлүмү кечирээк комментарий берүүнү убада кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6607