Алексей Ширшов камакка алынды
RU

Алексей Ширшов камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дастан" трансулуттук корпорациясынын мурунку төрагасы Алексей Ширшов камакка алынды. Бул тууралуу күч структураларынан билдиришти.

Буга чейин берилген маалыматка ылайык, УКМК "Аврора Плюс" эс алуу борборунан кымбат кыймылсыз мүлк объектилерин мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан.

Анын жүрүшүндө, бизнес өкүлдөрү айрым жогорку кызматтагы адамдар жана соттук органынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, 56 батир жана 27 коттеджди мамлекеттик менчиктен чыгарып, жеке менчикке айландырып алгандыгы аныкталган.

Жогорудагы кылмыш иштин алкагында бир катар жарандар камакка алынып, алардын негизги уюштуруучусу Алексей Ширшов экендиги белгилүү болгон.

Натыйжасында, мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирилди.

Алексей Ширшов 10-майда "Коррупция" беренеси боюнча камакка алынып, УКМКнын СИЗОсундагы убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.

Мыйзам белгилеген мөөнөттө Ширшовго айып тагылып, сот жазага тартуу чарасын карайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6611