Алексей Ширшов деген ким?
RU

Алексей Ширшов деген ким?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дастан" трансулуттук корпорациясынын мурунку төрагасы Алексей Ширшов камакка алынды. Бул тууралуу күч структураларынан билдиришти.

Буга чейин берилген маалыматка ылайык, УКМК "Аврора Плюс" эс алуу борборунан кымбат кыймылсыз мүлк объектилерин мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан.

Анын жүрүшүндө, бизнес өкүлдөрү айрым жогорку кызматтагы адамдар жана соттук органынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, 56 батир жана 27 коттеджди мамлекеттик менчиктен чыгарып, жеке менчикке айландырып алгандыгы аныкталган.

Жогорудагы кылмыш иштин алкагында бир катар жарандар камакка алынып, алардын негизги уюштуруучусу Алексей Ширшов экендиги белгилүү болгон.

Алексей Ширшов деген ким?

Алексей Юрьевич Ширшов, 1976-жылы Кыргызстанда туулуп өскөн. Ал "Северэлектро" ААКтин финансылык директору болгону белгилүү. 2007-жылы "Электрические станции" ААКтын финансылык директору болчу. Жогорку билими барбы жокпу, белгисиз.

2007-жылдын декабрь айынан тартып 2010-жылга чейин "Дастан" ААК трансулуттук корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.

Ширшов Максим Бакиевдин эң жакын досторунун бири болчу.

Бирок, "чоңдордун жакын досу" деген ролун андан мурдараак эле алган. Маалымат каражаттарындагы билдирүүлөргө ылайык, Ал Кыргызстандын биринчи президентинин уулу Айдар Акаевдин жакын досторунун бири болчу.

2005-жылдын 24-мартындагы окуялардан кийин көпчүлүк тарапташтары сыяктуу эле өлкөдөн качып чыккан. Андан кийин кайтып келип, Максим Бакиев менен кызматташа баштаган.

Алексей Ширшов Акаевдин үй бүлөсүно таандык яхтаны менчигине чыгарып алган, Ысык-Көлдөгү бир нече пансионаттарда үйлөрү бар, жада калса чакан менчик учагы да бар болчу.

Айрым маалыматтарга ылайык, Ширшов Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин Украина жана Латвияда бизнес жасаган. Сыргак Абыдлдаевдин айтымында Россия жана Израилге да каттап, энергетика тармагы боюнча аткаминерлерге консультация берип турчу.

Интернетте Ширшовдун сүрөттөрү өтө эле аз.

Энергетиканын көшөгө артындагы башчысы

Алексей Ширшовдун ысмы Кыргызстандын энергетикасы менен тыгыз байланышкан. "ширшов схемалары" деген сөз айкашы да жаралган.

Алексейдин жакындан тааныгандар идеялардын генератору деп айтышчу. Түрдүү билдирүүлөргө ылайык, "ширшов схемалары" электроэнегетика тармагында эле эмес, газ жана көмүр кени тармагында да кеңири колдонулуп келген.

Ширшов кандай жазага тартылышы мүмкүн?

Ширшов "Коррупция" беренеси боюнча камакка алынды. Жаңы 2021-жылдын 21-октябрында кабыл алынган Кылмыш кодексине ылайык, 10 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, кызматка дайындалуу укугунан ажыратылып же 3 жылга чейин кандайдыр бир иш менен алектенүүгө тыюу салынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6618