Түндө, экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевди үй камагына чыгарышты (видео)
RU

Түндө, экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевди үй камагына чыгарышты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи май райондук соту экс муфтий Максат ажы Токтомушевди 11-февралдан 12-февралга караган түнү, үй камагына бошотушту.

Дин маселелери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурунку жетекчиси Акин Токталиев өзүн Токтомушевдин адвокатымын деп тааныштырып, тергөө айыпталуучуну эки айга камакка алууну суранган, бирок прокурор аны үй камагына чыгарды, деп билдирди.

Соттун чечими менен экс-муфтий үй камагына чыгарылды.

Эске салсак, УКМК КМДБнин башкы бухгалтерин жана экс муфтий Максат ажы Токтомушевди ири өлчөмдөгү жемкорлук иши боюнча камакка алган. УКМКнын билдирүүсү боюнча муфтият ажылыктан түшкөн каражатты жеке менчик мекемелерге үстөк пайызы менен берип келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/661