Кыз узатуу тоюнда 32 адам тамак-айштан ууланды
RU

Кыз узатуу тоюнда 32 адам тамак-айштан ууланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында тамак-аштан массалык уулануу катталды. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, анын кесепетинен 32 адам жабыркаган.

Бөлүмдүн кызматкерлери эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүшкөн. Маалым болгондой, 8-майда Сүлүктү шаарындагы "Рахат" кафесинде 180 адамдын катышуусунда кыз узатуу тою өткөн.

Бүгүнкү күнгө чейин тамак-аштан уулануунун белгилери менен 32 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын он бири Сүлүктү шаардык коомдук саламаттыкты сактоо борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланууда, ал эми 21 адам амбулатордук дарыланууда. Жабырлануучулардын абалы орточо, аларга тиешелүү симптоматикалык дарылоо жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болгондой, конокторго ысык тамак – эт кошулган палоо, салаттын төрт түрү, үйдө жасалган булочка жана каймак кошулган кондитердик азыктар, мөмө-жемиштер жана суусундуктар коюлган. Ысык тамак кафенин өзүндө даярдалган, салаттарды уюштуруучулар үйдөн алып келишкен.

Текшерүү учурунда тамак-аштын калдыктары табылган жок. Кафенин ээсинин айтымында, алдын ала буйрутма менен, так макулдашылган күндөрү гана иштейт. Лабораториялык изилдөөлөр үчүн ичүүчү суунун үлгүлөрү алынды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган санитардык-гигиеналык бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык, адистер тарабынан 15 000 сом айып салуу менен эки протокол түзүлдү. Бөлүмдүн адистери үймө-үй кыдырып жүрүшөт. Ошондой эле, Сүлүктү шаарынын мэриясы менен биргеликте калк арасында жана коомдук тамактануучу жайлардын ээлери менен санитардык-агартуу иштери жүргүзүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6627