Кечээ, экс-муфтийди сотко жеткирип келишкенде анын тарапташтары ыйлашкан (видео)
RU

Кечээ, экс-муфтийди сотко жеткирип келишкенде анын тарапташтары ыйлашкан (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушев, түндө үй-камагына чыгарылды. Соттун кире беришинен аны көптөгөн тарапташтары сүйүнүп тосуп алышкан. Бирок кечээ, кечинде Токтомушевди сотко жеткирип келишкенде алар ыйлашкан.

Максатбек ажы Токтомушевди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жеткирип келишкен. Ал жерде соттук жыйын өтүп, соңунда үй камагына чыгарылсын деген бүтүм чыккан.

Экс-муфтийди сотко алып келатканда тарапташтары тосуп алып, ыйлашып, айрымдары "Боштондук!", деп кыйкырышкан.

Эске салсак, УКМК КМДБнин башкы бухгалтерин жана экс муфтий Максат ажы Токтомушевди ири өлчөмдөгү жемкорлук иши боюнча камакка алган. УКМКнын билдирүүсү боюнча муфтият ажылыктан түшкөн каражатты жеке менчик мекемелерге үстөк пайызы менен берип келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/662