Дмитрий Бивол: Менин жолум Кыргызстандан башталган
RU

Дмитрий Бивол: Менин жолум Кыргызстандан башталган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда туулуп өсүп, бирок кийин Россияга көчүп кетип, ошол өлкөнүн атынан мелдештерге катышып жүргөн Дмитрий Бивол колдоо көрсөткөн кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирип, Facebook'ка пост жазган.

"Бүгүн кыргызстандыктарга ыраазычылыгымды билдирип, урматымды көрсөткүм келип турат. Так ошол жерде, Токмок шаарында туулуп, өсүп, бокско болгон кызыгуум пайда болгон. Мушкерлик карьерам түптөлгөн күнүнөн тарта Кыргызстандагы жердештеримдин колдоосун сезип келем", - деп жазган.

Андан тышкары, Бивол президент Садыр Жапаровго да рахматын айтып, Кыргызстанга келем деп убада берди.

"Мүмкүнчүлүк болоору менен Кыргызстанга келип, бул жашоодогу жолум башталган жерге жана элге сый-урматымды көрсөткүм келет", - деп мушкер кошумчалады.

Эске салсак, Канело менен Биволдун беттеши Лас-Вегаста өткөн бокс кечесинин негизги окуясы болду. Россия үчүн беттешке чыгып жүргөн Дмитрий Бивол WBA Super'дин оор салмактагы чемпиондук курун жактады.

Дмитрий Бивол 1990-жылдын 18-декабрында Токмок шаарында туулган. 6 жашынан тарта бокско кызыгып, Вячеслав Шараповдун кол алдында машыккан. Бивол Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасына кирип, өзүнүн салмак категориясында биринчиликти эч кимге берчү эмес. 15 жашында Россияга көчүп кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6631