Садыр Жапаров Ширшов жана Максим Бакиевдин миллиондогон долларлары тууралуу сөз катты
RU

Садыр Жапаров Ширшов жана Максим Бакиевдин миллиондогон долларлары тууралуу сөз катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Фейсбуктагы расмий баракчасында "Дастан" ТНКнын мурдагы төрагасы Алексей Ширшов менен кандай байланышка чыкканы жана ага карата кылмыш иши козголбогонун айтып чыкты.

"Мындан 6-7 ай мурда мага жардамчыларым аркылуу Ширшов кайрылды. "Мен Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты таптым, Кыргызстанга кайтарсак болот, ушул боюнча мени кабыл алабы?" деп суранып жатат дешти. "Ал издөөдө да, кантип кабыл алам" дедим. Кыргызстанда бекен десем, чет өлкөдөн телефон аркылуу чыгып жатканын айтышты. Дароо Баш прокурорго, УКМК, ИИМ жетекчилерине "2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билгиле!" деп тапшырма бердим. Жыйынтыгында баары Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголбогонун айтып, издөөдө жок экени боюнча жооп беришти",- деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Андан соң ал кабыл алууга макулдугун берген.

"Анда келе берсин, кабыл алам" деп кабыл алдым. 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогондон кийин, демек кабыл алсам болот да. Ошол эле күнү 200 миллион долларды кайтаруу боюнча иш башталды. Андан бери бүгүнкү күнгө чейин 60-70 пайыз иштер бүтүп калды. Кудай буюрган күнү кайтарабыз.

Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдын 20-мартында Максим Бакиевдин 4,5 миллион доллары ушундай жол менен кайтарылып, республикалык бюджетке келип түшкөн.

Мамлекет башчы Ширшовдун сөзүн кайталап, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен бийликте тургандардын кимиси Максим Бакиевдин мүлкүн, анын ичинде "Аврора плюс" пансионатын мамлекетке өткөрбөстөн тартып алганын айтканын белгиледи.

Албетте, коттедждер менен батирлер жөнөкөй же арзан коттедждерден эмес. 27 коттедж, 69 батир бар экен. Бир коттедждин баасы 300 миң доллардын тегерегинде болсо, батирлердин ар бири 100 миң доллардын тегерегинде экен. Бул жалаң чоңдор талап-тоноп алган коттедждер, арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар",- деп кабарлады президент.

Садыр Жапаров ошондой эле Максимдин мүлктөрүн, ошондой эле Ширшовго таандык "Дастан" корпорациясынын 100% акциясын мамлекетке өткөрүү керектигин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6639