Жогорку Кеңеш казинону мыйзамдаштыруунун жабык эшик артында талкулоодо
RU

Жогорку Кеңеш казинону мыйзамдаштыруунун жабык эшик артында талкулоодо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-майда, Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов депутаттарга кайрылып эки маселени жабык эшик артында талкуулоону суранды.

Белгилей кетсек, ал кайсы маеселелер экендигин тактап айткан эмес. Ошого карабастан анын сунушуна 40 депутат макул болуп, үчөө каршы чыкты.

Бирок Дастан Бекешев регламентте мыйзам долбоорду жабык режимде кароо деген түшүнүк жок, анын үстүнө казинолорду мыйзамдаштыруу каралат экен, анын улуттук коопсуздукка эч кандай тиешеси жок, деп белгиледи.

"Келгиле ачык эле талкуулайлы. Барыбир ачык добуш беребиз. Анын эч нерсеси жок", - деп айтты Бекешев.

Исхак Масалиев кесиптешин колдоду. Бирок вице-спикер Улан Примов прессаны залдан чыгып кетүүсүн талап кылып, журналситтерди сыртка чыгарып жиберишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6641