Россиянын жараны Кыргызстандагы эс алуунун артыкчылыктарын атады
RU

Россиянын жараны Кыргызстандагы эс алуунун артыкчылыктарын атады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанга келип кеткен россиялык турист биздин өлкөдөгү эс алуунун артыкчылыктарын санап өттү. Бул тууралуу ал өзүнүн блогунда айтып берген.

  • Турист биринчи эле "Борбор Азиянын бермети" - Ысык-Көл тууралуу айтып берди. Блогердин пикири боюнча, анын жээгинде тиешелүү инфраструктура: ресторан, отель жана башка көңүл ачуучу мекемелер бар. Ошол эле маалда өз алдынча, табияттын койнунда эс алганды жакшы көргөндөр да эл тебелеп-тепсей элек жерлерди таап, тунук сууга түшө алышат.
  • Андан тышкары, Кыргызстанга кирүү үчүн жарандык паспорт талап кылынбайт. "Республика Россиядан келгендерди ички паспорт менен деле кабыл алууга даяр", - деп дагы бир артыкчылыгын айтты.
  • Чыгыштын колоритин белгилеп, жергиликтүү базарларга барганың эле кызыктуу экскурсияга тете. Ошол эле маалда көпчүлүк орус тилинде таза сүйлөйт.
  • Тамак ашы даамдуу, баасы арзан, авибилеттер да арзан. Мисалы ал өзү билетти 19 миң рублге сатып алганын белгилеген.
  • Эң башкысы, Кыргызстандын эли орустарга аябай жакшы мамиле кылышат, деп турист соңунда жыйынтык чыгарды.
  • "Мен түрдүү жайгдайларга түшүп калып жаттым, ошого карабастан эли меймандос экенине көп ирет күбө болдум", - дейт саякатчы.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6648