Коргоо министрлигинин бөлүм башчысы мас абалда башка унааны коюп кеткен (видео)
RU

Коргоо министрлигинин бөлүм башчысы мас абалда башка унааны коюп кеткен (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин полковник наамындагы башкы тарбиячысы кырсыкка кабылды. Окуя боюнча видео социалдык тармактарга тараган.

Видеодон анын Коргоо министрлигине тиешелүү 0006BA мамлекеттик номуру бар кызматтык унаа менен кырсыкка учураганын көрүүгө болот.

Аны видеого тартып жаткан адам бөлүм башчы мас абалында болгонун айтууда.

Кызматтык унааны Коргоо министрлигинин тарбия иштери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Мирбек Казымбеков айдап бара жаткан. Коргоо министрлиги азырынча комментарий бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6653