Марипов Сауд Аравиянын Инвестиция министринин орун басары менен жолугушту
RU

Марипов Сауд Аравиянын Инвестиция министринин орун басары менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Сауд Аравиянын Инвестициялар министринин орун басары Мохаммед Аль-Хассна жана Саудиялык компанияларды алдыга жылдыруу, чет өлкөлөрдөгү долбоорлор менен иштөө Дирекциясынын жетекчиси Нассер Алакил менен жолугуштум", - деп аталган өлкөдө Кыргызстандын элчиси болуп иштеген Улукбек Марипов Facebook'тагы баракчасына жазган.

Анын айтымында, алар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, тиешелүү ведомстволордун ортосунда өз ара иш сапарларды уюштурууга, Сауд Аравиянын компанияларынын Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго катышуусуна, туризм жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүү, өз ара жарманкелерди жана көргөзмөлөрдү өткөрүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы түз үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачуунун маанилүүлүгүнө талкуулашкан.

"Ошондой эле биздин өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорун жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу үчүн Сауд Аравиянын бизнес-коомчулугу менен жолугушууларды өткөрүүгө даярдыгымды билдирдим", - дейт элчи.

2022-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда кезектеги кыргыз-сауд бизнес форумун жогорку деңгээлде өткөрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6655