Самара Токтакунова ТҮРКСОЙдун жогорку даражадагы алтын медалын алды
RU

Самара Токтакунова ТҮРКСОЙдун жогорку даражадагы алтын медалын алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Самара Токтакуновага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы тапшырылды.

Кечээ, 11- майда СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакуновага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы тапшырылды.

Сыйлык 25- апрель "Салттуу музыка күнүнүн" алкагында ыйгарылып, улуттук салтуу музыка өнөрүнө кошуп жаткан жигердүү салымы жана түрк дүйнөсүнүн маданиятынын сактоого жана өнүктүрүүгө болгон барандуу салымынын негизинде тапшырылды.

Сыйлыкты министр Азамат Жаманкулов тапшырып, залкар комузчу Самара Токтакунованын чыгармачылыгына ийгилик жана бекем ден-соолук каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6661