"Куран менен ойнобогула". Муфтият депутатка жооп берди
RU

"Куран менен ойнобогула". Муфтият депутатка жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясый упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла!" - деп Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Эске салсак, 11-майда, Жогорку Кеңештин депутаттары казино, кумаркана жана тотализаторлорду ойнотуу мыйзамын жактырышып, биринчи окууда кабыл алышты. Талкуу жүрүп жатканда депутат Арсланбек Малиев, арак жана кумар оюнундун адам үчун пайдасы бар экенин куран китепте жазылганын жар салган.

"Бакара, 2-сүрөө. Сенден арак жана кумар оюндары тууралуу сурашат дейт. Куранда жазылган. Ал экөөндө чоң күнөө бар. Бирок, адамдар үчүн бир аз пайдалары бар деп турбайбы мына", - деген Малиев.

Ал эми кечээ, 12-майда муфтият бул боюнча жооп жазып, "Дарыгер дарыгерлигин, молдо молдолугун, депутат депутаттыгын кылганы туура. Дин кызматкерлери саясатка аралашпайт, бирок Алланын сөзү болгон Куранды бурмалоодо унчукпай тура албайбыз! Анткени ыйык Куранды бурмалоо бул чоң күнөө эле эмес, Алланын каарын алып келет. Алланын каары келсе, пенденин колунан эч нерсе келбейт", - деген.

"Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясый упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла. Курандан адал, арам деп өкүм чыгарууга илимиңер жетпейт жана укугуңар жок", - деп муфтият катуу эскертүү берди.

Динди, Куранды билбеген инсан Куран аятын окуп, анын түпкү маанисине түшүнбөй туруп чечмелөөсү туура эмес. Ар бирибиздин Алла Тааланын алдына баруучу күнүбүз алыс эмес. Курандан колуңарды тарткыла! Акыл жетпеген иште, адис менен кеңешүү керек. Аллахтын сөзүн саясатчы эмес, аалымдар чечмелесин. Ыйык китеп менен каада күтүп, добуш алам деген арам оюңардан кайтып, кеч боло электе тообо кылгыла!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6663