Исманкулов клиникасына митингге чыккан эл тез жардам менен жеткирилип жатабы? Видео
RU

Исманкулов клиникасына митингге чыккан эл тез жардам менен жеткирилип жатабы? Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Исманкулов клиникасында митингдин катышуучуларын Саламаттыкты сактоо министрлигинин автобазасына тиешелүү тез жардам унаасы менен алып келип, кайра алып кетишүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына академик Алмазбек Исманкулов билдирди.

Ал айткан сөзүнө далил катары кызматкерлери тарткан видеону жөнөткөн.

"Акциядан кийин жеке унаалар жана 01KG448AC мамлекеттик номурлуу тез жардам унаасы жакын жердеги аялдамада элди күтүп турушат. Аларды бизге күн сайын эртең менен уялбай, ачык эле ушул транспорт менен алып кетишет. Мындай номурлуу унаа Саламаттыкты сактоо министрлигинин автобазасында катталганы белгилүү болду. Шаарда унаа тыгыны жаралып, эл дарыгерлердин жардамын күтүп жаткан чакта ызы-чуу салышууда. Мамлекеттик атайын транспортту жеке такси катары колдонууга ким буйрук бергенин билгим келет. Бирок, суроо, албетте, риторикалык. Мунун баарын ким, эмне үчүн жасап жатканы түшүнүктүү деп ойлойм", - деди Исманкулов.

Эске салсак, 8-майдан бери активисттер тобу Алмазбек Исманкуловдун клиникасынын жанында митингге чогулуп жатышат. Митингчилер мекеменин жетекчисин имараттан чыгып, жабдууларды калтырууну талап кылышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6673